Кыргызстан Ислам Университетинин логотиби

Кыргызстан Ислам Университети

Бөлүмдөр

Кадрлар бөлүмү университеттин түзүмдүк бөлүмү болуп саналат жана университеттин ректоруна баш ийет. Өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин ченемдик документтерин, университеттин уставын, ошондой эле университетте колдонулган жергиликтүү ченемдик актыларды, ректордун буйруктарын жана тескемелерин жетекчиликке алат.

  • 2.1. Университеттин кадр саясатын жүзөгө ашыруу.
  • 2.2. Эмгек мамилелерин жол-жоболоштуруу.
  • 2.3. Университеттин кадр саясатын түзүүгө катышуу, кадрларга баа берүү жана алардын квалификациясын жогорулатуу.
  • 3.1. Бөлүмдүн түзүмү жана штаты университеттин ректору тарабынан бекитилет.
  • 3.2. Бөлүм ректордун буйругу менен дайындалган жетекчи тарабынан башкарылат.
  • 3.3. Бөлүмдүн башчысы административдик-аткаруучулук милдеттерди аткарат жана кызматкерлер үчүн милдеттүү көрсөтмөлөрдү берет.
  • 3.4. Кызматкерлер өз ишинде кызматтык нускамаларды жетекчиликке алышат.

4.1. Кадрдык иш кагаздарын жүргүзүү: — кызматкерлер боюнча маалыматтарды эсепке алуу; — талдоо жана отчет даярдоо; — кадрлар боюнча буйруктарды даярдоо; — кызматкерлердин өздүк картотекаларын жүргүзүү; — эмгек китепчелерин толтуруу, эсепке алуу жана сактоо; — эмгек стажын эсептөө; — өргүү графигин түзүү; — архивге документтерди өткөрүү. 4.2. Кадрларды тандоо жана жайгаштыруу: — бош орундарды пландаштыруу; — кызматкерлерди тандоо; — жумушка орноштурууну уюштуруу; — жумуш издөө борборлору менен байланыш түзүү. 4.3. Кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча иштерди жүргүзүү. 4.4. Эмгек мыйзамдарынын аткарылышын камсыз кылуу жана тиешелүү документтерди даярдоо. 4.5. Кызматкерлерди шыктандыруу жана мотивациялоо боюнча сунуштарды иштеп чыгуу. 4.6. Штаттык түзүмгө өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды даярдоо. 4.7. Кызматкерлерге эмгек маселелери боюнча кеңеш берүү.

  • 5.1. Өз компетенциясынын чегинде керектүү маалыматтарды алуу.
  • 5.2. Башка бөлүмдөр менен өз ара аракеттенүү.
  • 5.3. Кадр маселелери боюнча сунуштарды киргизүү.
  • 6.1. Бөлүм өз милдеттерин сапаттуу жана өз убагында аткарууга жооп берет.
  • 6.2. Кызматкерлердин жоопкерчилиги кызматтык нускамалар менен аныкталат.

Кадрлар бөлүмү университеттин башка бөлүмдөрү менен (административдик, каржы, окуу ж.б.) тыгыз иш алып барат.