Кыргызстан Ислам Университети
November 10, 2026


КЫРГЫЗСТАН ИСЛАМ УНИВЕРСИТЕТИНИН КИТЕПКАНАЧЫСЫ ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯГА КАТЫШТЫ 2026-жылдын 10-ноябрында И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Э. Ж. Маанаев атындагы Тарых жана башкаруу институту тарабынан уюштурулган «Кыргызстан тарыхынын орчундуу маселелери» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Аталган илимий иш-чарага Кыргызстан Ислам университетинин китепканачысы Орозмаматова Мумина Рысбаевна катышып, университеттин атынан өкүлчүлүк кылды. Конференциянын негизги максаты — Кыргызстандын тарыхынын актуалдуу маселелерин ар тараптуу изилдөө, тарыхый окуяларды жана процесстерди заманбап илимий көз караштардын негизинде талкуулоо, тарыхый-маданий мурастарды сактоо жана жайылтуу, ошондой эле ата мекендик жана чет өлкөлүк окумуштуулардын ортосундагы илимий кызматташтыкты чыңдоо болду. Илимий жыйындын алкагында кыргыз элинин этногенези жана мамлекеттүүлүгү, Кыргызстандын байыркы доордон бүгүнкү күнгө чейинки тарыхы, тарыхнаама жана булак таануу маселелери, тарыхый-маданий мурастарды сактоо жана изилдөө багыттары талкууланды. Мындан тышкары, терроризм жана экстремизмдин тарыхый өбөлгөлөрү, тарых илиминде санариптик технологияларды жана жасалма интеллектти колдонуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча илимий пикир алмашуулар жүргүзүлдү. Конференциянын маанилүү окуяларынын бири «Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы» аттуу китептин I жана II томдорунун бет ачар аземи болду. Аталган эмгектер кыргыз элинин тарыхый өнүгүүсүн, улуттук мамлекеттүүлүктүн калыптанышын жана өлкөнүн тарыхый-маданий мурасын изилдөөгө кызыгууну арттырууга багытталган. Китептин бет ачарынын алкагында республиканын ар кайсы аймактарынан келген китепканачыларга илимий-тарыхый адабияттар белекке берилди. Кыргызстан Ислам университетинин китепканачысы Орозмаматова Мумина Рысбаевнага «Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхы» аттуу китептин I жана II томдорунан жалпы 8 нуска белекке тапшырылды. Белекке берилген китептер Кыргызстан Ислам университетинин китепкана фондун толуктап, студенттердин, магистранттардын жана профессордук-окутуучулук курамдын Кыргызстандын тарыхы боюнча илимий адабияттарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө өбөлгө түзөт. Ошондой эле бул адабияттар окуу процессинде, студенттердин өз алдынча билим алуусунда жана илимий-изилдөө иштеринде кошумча маалымат булагы катары пайдаланылышы мүмкүн. Мындай илимий иш-чараларга катышуу университеттин китепкана ишин өнүктүрүүгө, китепкана кызматкерлеринин кесиптик тажрыйбасын кеңейтүүгө, жогорку окуу жайлардын ортосундагы илимий-маалыматтык жана маданий кызматташтыкты чыңдоого шарт түзөт. Кыргызстан Ислам университети илимди, билим берүүнү жана китепкана ишин өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди колдоп, студенттердин сапаттуу билим алуусу үчүн зарыл болгон маалыматтык жана интеллектуалдык ресурстарды кеңейтүүгө өзгөчө маани берет.