Кыргызстан Ислам Университети
November 17, 2026

# ЭЛ АРАЛЫК СТУДЕНТТЕР КҮНҮ МЕНЕН! **Урматтуу Кыргызстан Ислам университетинин студенттери!** Сиздерди 17-ноябрь — Эл аралык студенттер күнү менен Кыргызстан Ислам университетинин жалпы жамаатынын атынан чын жүрөктөн куттуктайбыз! Студенттик мезгил — билимге умтулуунун, руханий жактан өсүүнүн, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуунун жана келечекке бекем пайдубал түптөөнүн эң маанилүү доору. Сиздер — университетибиздин сыймыгы, өлкөбүздүн келечеги жана коомубуздун интеллектуалдык, руханий өнүгүүсүнө салым кошо турган жаш муунсуздар. Ар бириңиздерге бекем ден соолук, терең билим, бийик максат, кажыбас кайрат жана илим жолунда чоң ийгиликтерди каалайбыз! Алган билимиңиздер элге кызмат кылууга, адамзатка жакшылык алып келүүгө жана мекенибиздин өнүгүшүнө салым кошууга багытталсын. **Илим жолуңуздар байсалдуу, келечегиңиздер кең, тилегиңиздер орундалсын!** **Майрамыңыздар кут болсун, урматтуу студенттер!** *Кыргызстан Ислам университетинин жамааты*