Кыргызстан Ислам Университети
November 14, 2026


# МАЛАЙЗИЯНЫН INCEIF УНИВЕРСИТЕТИНИН ӨКҮЛДӨРҮ КИУНУН СТУДЕНТТЕРИНЕ КОНОК ЛЕКЦИЯ ӨТҮШТҮ 2026-жылдын 14-ноябрында Кыргызстан Ислам университетинде Малайзиянын INCEIF университетинин өкүлдөрү студенттер үчүн ислам каржысы жана эл аралык билим берүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча конок лекция өткөрүштү. Лекциянын жүрүшүндө коноктор ислам каржылоосунун негизги принциптери, анын заманбап каржы системасындагы орду, ошондой эле INCEIF университетинин билим берүү программалары жана адистерди даярдоо багытындагы ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат беришти. Өзгөчө көңүл ислам каржысы жаатындагы кыска мөөнөттүү окуу курстарына, магистратура программаларына, эл аралык билим алуу мүмкүнчүлүктөрүнө жана кесиптик өнүгүү багыттарына бурулду. Лекция студенттердин активдүү катышуусунда өтүп, суроо-жооп форматында уланды. Студенттер INCEIF университетинин магистратура программаларына кабыл алуу талаптары, окуу мөөнөтү, окутуу тили, контракттык төлөмдөр, стипендиялык мүмкүнчүлүктөр, кыска мөөнөттүү курстарга катышуу шарттары жана кабыл алуу үчүн зарыл болгон документтер тууралуу суроолорду беришти. Малайзиялык өкүлдөр студенттердин суроолоруна жооп берип, билим берүү программалары жана окуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча түшүндүрмөлөрдү беришти. Бул конок лекция студенттердин ислам экономикасы жана каржысы боюнча билимдерин кеңейтүүгө, эл аралык билим берүү системасы менен таанышууга жана келечектеги академиялык мүмкүнчүлүктөргө кызыгуусун арттырууга өбөлгө түздү. **Кыргызстан Ислам университети** чет өлкөлүк жогорку окуу жайлар менен академиялык байланыштарды өнүктүрүүгө, эл аралык тажрыйба алмашууга жана студенттердин билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган мындай иш-чараларды мындан ары да колдоону улантат.