Кыргызстан Ислам Университети
November 14, 2026


# КЫРГЫЗСТАН ИСЛАМ УНИВЕРСИТЕТИНЕ МАЛАЙЗИЯНЫН INCEIF УНИВЕРСИТЕТИНИН ӨКҮЛДӨРҮ ИШ САПАРЫ МЕНЕН КЕЛИШТИ 2026-жылдын 14-ноябрында Кыргызстан Ислам университетине Малайзиянын INCEIF университетинин өкүлдөрү иш сапары менен келишти. Иш сапардын алкагында университеттин студенттери үчүн **International Centre for Education in Islamic Finance (INCEIF)** — Ислам каржысы боюнча билим берүүнүн эл аралык борборунун ишмердүүлүгүнө арналган маалыматтык презентация өткөрүлдү. Малайзиядан келген конокторду Кыргызстан Ислам университетинин окуу иштери боюнча проректору Абдуваси Нусурович Матраимов, каржы иштери боюнча проректору Заирбек Калыков, Гуманитардык билимдер факультетинин деканы Султан Ташматов жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Билим берүү жана пропаганда бөлүмүнүн башчысы Равшан Эратов тосуп алышты. Жолугушуунун жүрүшүндө ислам каржылоосунун негизги принциптери, анын салттуу каржы системасынан айырмаланган өзгөчөлүктөрү, этикалык негиздери жана заманбап дүйнөлүк экономикадагы орду тууралуу кеңири маалымат берилди. Ошондой эле INCEIF университетинин билим берүү программалары, эл аралык академиялык мүмкүнчүлүктөрү, ислам каржысы тармагында квалификациялуу адистерди даярдоо багытындагы ишмердүүлүгү жана кесиптик өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылды. Бул жолугушуу студенттердин ислам экономикасы жана каржысы жаатындагы билимдерин тереңдетүүгө, эл аралык тажрыйба менен таанышууга, кесиптик кызыгууларын арттырууга жана келечектеги билим алуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат алууга өбөлгө түздү. Иш-чаранын соңунда тараптар билим берүү жана илимий-изилдөө багытындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, академиялык байланыштарды кеңейтүү жана келечектеги биргелешкен демилгелер боюнча пикир алышты. **Кыргызстан Ислам университети** эл аралык өнөктөштүктү чыңдоого, студенттердин билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана заманбап талаптарга жооп берген адистерди даярдоого багытталган кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө маани берет.