Кыргызстан Ислам Университети
November 13, 2026


# ЭЛ АРАЛЫК КОНКУРСТУН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ КЫРГЫЗСТАН ИСЛАМ УНИВЕРСИТЕТИНДЕ САЛТАНАТТУУ ТОСУП АЛЫНДЫ Кыргызстан Ислам университетинде Россия Федерациясынын Уфа шаарында өткөн «Келечектин минбары» аттуу эл аралык конкурста 1-орунду ээлеген Теология кафедрасынын 3-курсунун студенти Шабазов Сабит жана анын жетекчиси, окутуучу Кенжебаев Мирлан устаз салтанаттуу тосуп алынды. Эл аралык сынакта университеттин жана Кыргызстандын намысын татыктуу коргогон жеңүүчүнү жана анын жетекчисин аэропорттон Теология кафедрасынын башчысы Лутфилла уулу Солих, Шарият кафедрасынын башчысы Шамшидин Маматкулов жана студенттин тайпалаштары жылуу маанайда тосуп алышты. Андан соң университетте студенттердин жана окутуучулардын катышуусунда атайын салтанаттуу иш-чара уюштурулду. Иш-чаранын жүрүшүндө КИУнун тарбия иштери боюнча проректору Бакыт Ниязов, каржы иштери боюнча жооптуу Калыков Заирбек жана университеттин окутуучулар жамааты сөз сүйлөп, Сабит Шабазовду жана анын жетекчиси Мирлан Кенжебаевди эл аралык деңгээлдеги ийгилиги менен куттукташты. Салтанаттын алкагында жеңүүчүгө жана анын жетекчисине университеттин атынан ыраазычылык баракчалары тапшырылып, акчалай сыйлыктар берилди. Ошондой эле Сабит Шабазовго кыргыз элинин улуттук баш кийими — ак калпак кийгизилип, өзгөчө урмат көрсөтүлдү. Бул жетишкендик — студенттин талыкпаган эмгегинин, терең билиминин, максатка умтулуусунун жана устазынын үзүрлүү жетекчилигинин натыйжасы. Ошол эле учурда бул жеңиш Кыргызстан Ислам университетинин билим берүү сапатын, студенттеринин интеллектуалдык жана руханий дараметин эл аралык деңгээлде көрсөтүп турган маанилүү ийгилик болуп саналат. **Кыргызстан Ислам университетинин жамааты** Сабит Шабазовду жана анын жетекчиси Мирлан Кенжебаевди бул сыймыктуу жеңиши менен чын жүрөктөн куттуктап, мындан аркы илимий-билим берүү жана кесиптик ишмердүүлүгүндө жаңы ийгиликтерди каалайт. **Жеңишиң кут болсун, Сабит! Кыргызстандын жана Кыргызстан Ислам университетинин намысын мындан ары да бийик көтөрө бер!**