Кыргызстан Ислам Университети
November 11, 2026


# КЫРГЫЗСТАН ИСЛАМ УНИВЕРСИТЕТИНИН СТУДЕНТТЕРИ ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ИМАРАТЫНА ЭКСКУРСИЯ ЖАСАШТЫ Кыргызстан Ислам университетинин студенттери Шарият кафедрасынын башчысы, университеттин доценти Маматкулов Шамшидин устаздын жетекчилиги астында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин имаратына тааныштыруу экскурсиясын жасашты. Экскурсиянын жүрүшүндө студенттер Кыргыз Республикасынын парламентинин ишмердүүлүгү, мыйзам чыгаруу процессинин өзгөчөлүктөрү, мамлекеттик бийлик органдарынын түзүмү жана өлкөнүн башкаруу системасындагы Жогорку Кеңештин орду менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты. Бул иш-чара студенттердин теориялык билимдерин практикалык маалыматтар менен толуктоого, мамлекеттик институттардын ишмердүүлүгү тууралуу түшүнүктөрүн кеңейтүүгө жана коомдук-саясий процесстерге болгон кызыгуусун арттырууга багытталды. Мындай таанып-билүүчүлүк экскурсиялар жаштардын укуктук жана жарандык маданиятын калыптандырууга, саясий-укуктук сабаттуулугун жогорулатууга, мекенчилдик сезимин жана коом алдындагы жоопкерчилигин бекемдөөгө өбөлгө түзөт. **Кыргызстан Ислам университети** студенттердин ар тараптуу өнүгүүсүнө, жарандык аң-сезиминин калыптанышына жана билим берүү менен тарбиялоо процесстеринин өз ара байланышын чыңдоого багытталган иш-чараларды уюштурууга өзгөчө маани берет.