Кыргызстан Ислам Университети
November 05, 2026


# КЫРГЫЗСТАН ИСЛАМ УНИВЕРСИТЕТИНДЕ СТУДЕНТТЕРДИН ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ӨТТҮ 2026-жылдын 5-ноябрында Кыргызстан Ислам университетинде Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө Жарлыгына арналган **«Илим, билим жана маданияттын өнүгүү келечеги»** аттуу студенттердин илимий-практикалык конференциясы болуп өттү. Конференциянын негизги максаты — студенттердин илимий-изилдөө ишмердүүлүгүн жандандыруу, алардын интеллектуалдык жана чыгармачылык потенциалын өнүктүрүү, илим-билимге болгон кызыгуусун арттыруу, ошондой эле улуттук, руханий-адептик баалуулуктарды даңазалоо жана жаштардын илимий кызматташтыгын чыңдоо. Иш-чара Халилов Исмаил карынын Куран окуусу менен башталды. Конференциянын ачылышында Кыргызстан Ислам университетинин окуу иштери боюнча проректору **Матраимов Абдуваси Нусурович** сөз сүйлөп, илим-билимдин коомдун өнүгүүсүндөгү маанисине токтолду жана катышуучуларга ийгиликтерди каалады. Андан соң Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Билим берүү жана пропаганда бөлүмүнүн башчысы **Равшан Эратов** жана Кыргызстан Ислам университетинин окутуучусу, Кыргызстан Аалымдар кеңешинин мүчөсү **Марс Ибраев** куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү. Алар жаш муундун билимге умтулуусу, илимий изденүүсү, руханий-адептик тарбиясы жана улуттук баалуулуктарды сактоодогу жоопкерчилиги тууралуу ой бөлүшүштү. Конференцияга ардактуу конок катары социология илимдеринин кандидаты **Малтабаров Бакытбек Амирович** да катышты. Илимий-практикалык конференция үч тематикалык секциянын алкагында уюштурулду. Ар бир секцияда Кыргызстан Ислам университетинин профессордук-окутуучулар курамынан түзүлгөн калыстар тобу иш алып барып, студенттердин илимий баяндамаларына баа берди. Катышуучулар заманбап билим берүү, илим жана инновациялык технологиялар, улуттук жана руханий-адептик баалуулуктар, маданий мурастар, коомдун социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана жаштардын илимий потенциалы боюнча баяндамаларын сунушташты. Баяндамалардын жүрүшүндө актуалдуу маселелер талкууланып, студенттер өздөрүнүн илимий көз караштарын жана сунуштарын ортого салышты. ### Конференциянын жеңүүчүлөрү **1-секция. «Заманбап билим берүү, илим жана инновациялык технологиялар»** - **I орун** — Омурова А. (Кыргыз улуттук университети); - **II орун** — Качкынбаева М. (КМУ); - **III орун** — Ниязбекова М. (Ислам академиясы). **2-секция. «Улуттук, руханий-адептик баалуулуктар жана маданий мурас»** - **I орун** — Мурсалимова Асема (И. Арабаев атындагы КМУ); - **II орун** — Алтынбекова Айжан (Кыргыз улуттук университети); - **III орун** — Рысбекова Гүлүмжан (МУК). **3-секция. «Коомдун социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана жаштардын илимий потенциалы»** - **I орун** — Барпыгулов Бекболот (Кыргыз улуттук агрардык университети); - **II орун** — Сулпукаров Арген (И. Арабаев атындагы КМУ); - **III орун** — Мадраимов Бектур (Кыргызстан Ислам университети). Конференциянын жыйынтыгында мыкты илимий баяндамалары менен айырмаланган жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле бардык катышуучуларга сертификаттар берилип, студенттердин илимий иштерине жетекчилик кылган жана аларды конференцияга даярдап келген окутуучуларга ыраазычылык билдирилди. **Бул илимий-практикалык конференция студенттердин илимий ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө, изилдөөчүлүк жөндөмдөрүн өркүндөтүүгө, жогорку окуу жайлардын ортосундагы академиялык байланыштарды бекемдөөгө жана жаштардын илимий демилгелерин колдоого өбөлгө түздү.** Ошону менен бирге иш-чара «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолунун негизги идеяларын жаштар арасында жайылтууга, улуттук баалуулуктарды заманбап билим жана илимий жетишкендиктер менен айкалыштырууга багытталган маанилүү аянтча болду. Кыргызстан Ислам университети мындан ары да жаштардын илимий потенциалын өнүктүрүүгө, илимий изденүүлөрүн колдоого жана билим берүү мекемелеринин ортосундагы илимий кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурат.