Кыргызстан Ислам Университети
October 29, 2026

Кыргызстан Ислам университетинин доценти эл аралык онлайн илимий маекке катышты 2026-жылдын 29-октябрында Кыргызстан Ислам университетинин деканы, PhD доктору **Султанбек Ташматов** Казакстан Республикасынын «Әзірет Сұлтан» улуттук музей-коругунун Ясави таануу илимий борбору тарабынан уюштурулган онлайн илимий маекке катышты. Илимий жолугушууда Султанбек Ташматов **«Караханиддер доорундагы дидактикалык адабияттан Ахмет Ясавинин “Диуани хикмет” эмгегине чейинки сопулук дүйнөтаанымдын эволюциясы»** аттуу темада баяндама жасады. Баяндаманын алкагында Караханиддер доорундагы руханий жана адеп-ахлактык баалуулуктар, түрк-мусулман маданиятындагы сопулук ой жүгүртүүнүн калыптанышы жана Ахмет Ясавинин руханий мурасынын тарыхый-маданий мааниси тууралуу маселелер каралды. Мындай эл аралык илимий иш-чараларга катышуу Кыргызстан Ислам университетинин илимий байланыштарын кеңейтүүгө, окутуучулардын илимий-изилдөө ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө жана түрк дүйнөсүнүн руханий-маданий мурастарын изилдөө багытындагы кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзөт.