Кыргызстан Ислам Университети
October 26, 2026


КЫРГЫЗСТАН ИСЛАМ УНИВЕРСИТЕТИНИН СТУДЕНТТЕРИ ЖОГОРКУ КЕҢЕШКЕ ЭКСКУРСИЯ ЖАСАШТЫ Кыргызстан Ислам университетинин студенттери окутуучулардын жетекчилиги астында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин имаратына таанып-билүү экскурсиясын уюштурушту. Экскурсиянын жүрүшүндө студенттер өлкөнүн мыйзам чыгаруу органынын ишмердүүлүгү, парламенттин түзүмү, мыйзамдарды кабыл алуу тартиби жана мамлекеттик башкаруу системасындагы Жогорку Кеңештин орду жана ролу тууралуу маалымат алышты. Аталган иш-чара студенттердин теориялык билимдерин турмуштук тажрыйба менен айкалыштырууга, мамлекеттик институттардын ишмердүүлүгү тууралуу түшүнүктөрүн кеңейтүүгө жана коомдук-саясий процесстерге болгон кызыгуусун арттырууга багытталды. Мындай таанып-билүү иш-чаралары жаштардын саясий-укуктук сабаттуулугун жогорулатууга, жарандык аң-сезимин жана жоопкерчилигин калыптандырууга, ошондой эле коомдун өнүгүүсүнө активдүү катышууга даяр инсан катары тарбиялоого өбөлгө түзөт. Кыргызстан Ислам университети студенттердин ар тараптуу өнүгүүсүнө, алардын интеллектуалдык жана жарандык потенциалын жогорулатууга багытталган билим берүү жана тарбиялык иш-чараларга өзгөчө маани берет.