Кыргызстан Ислам Университети
October 27, 2026


КЫРГЫЗСТАН ИСЛАМ УНИВЕРСИТЕТИ КАЗАКСТАНДА ӨТКӨН ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ ИШ-ЧАРАЛАРГА КАТЫШТЫ 2026-жылдын 22–23-октябрында Казакстан Республикасынын Түркстан шаарында өткөн эл аралык илимий иш-чараларга Кыргызстан Ислам университетинин Гуманитардык билимдер факультетинин деканынын милдетин аткаруучу, философия доктору (PhD) Ташматов Султанбек катышты. Университеттин өкүлү «Сырдарыя дарыясынын ортоңку жана төмөнкү агымындагы түрк маданияты» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга, ошондой эле «Кожо Ахмет Ясави мурасы: жаңы булактар жана аларды чечмелөө ыкмалары» аттуу эл аралык форумга катышып, университеттин атынан өкүлчүлүк кылды. Илимий иш-чаралардын алкагында Кыргызстан Ислам университети менен Казакстан Республикасынын «Азирети Султан» улуттук тарыхый-маданий музей-коругунун ортосунда өз ара кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Аталган меморандум эки мекеменин ортосундагы илимий жана маданий байланыштарды чыңдоого, биргелешкен илимий-изилдөө долбоорлорун ишке ашырууга, илимий тажрыйба алмашууга жана тарыхый-маданий мурастарды изилдөө багытындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган. Кыргызстан Ислам университетинин эл аралык деңгээлдеги мындай иш-чараларга катышуусу университеттин илимий потенциалын өнүктүрүүгө, эл аралык өнөктөштүк байланыштарын кеңейтүүгө жана түрк дүйнөсүнүн руханий-маданий мурастарын изилдөөгө кошкон салымын арттырууга өбөлгө түзөт.