Кыргызстан Ислам Университети
October 05, 2026

# 5-ОКТЯБРЬ – МУГАЛИМДЕРДИН ЖАНА БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ **Кыргызстан Ислам университети бардык мугалимдерди жана билим берүү тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайт!** Мугалим – билимдин шам чырагы, тарбиянын башаты, коомдун руханий өнүгүүсүнө жол көрсөткөн улуу инсан. Ал жаш муундардын аң-сезимин калыптандырып, жүрөгүнө билимдин, ыймандуулуктун жана адамгерчиликтин үрөнүн себет. Ар бир инсандын ийгилигинин артында мугалимдин талыкпаган эмгеги, сабыры жана акыл-насааты турат. Билимдүү, адептүү жана мекенчил муунду тарбиялоо – коомдун келечегин түптөгөн эң маанилүү милдеттердин бири. Бул жоопкерчиликтүү иште мугалимдердин орду өзгөчө. Алар билим берүү менен гана чектелбестен, жаштарды адеп-ахлакка, улууларды урматтоого, кичүүлөрдү ызааттоого, боорукердикке жана коом алдындагы жоопкерчиликке тарбиялашат. Ислам дининде да илим-билимге, устатты урматтоого жана жакшы адеп-ахлакка өзгөчө маани берилет. Пайгамбарыбыз Мухаммаддын (с.а.в.) өрнөктүү өмүрү жана насааттары илим алууга, жакшылык кылууга жана адамзатка пайдалуу болууга үндөйт. Ушул асыл баалуулуктарды жаш муундарга жеткирүүдө окутуучулардын эмгеги баа жеткис. **Урматтуу мугалимдер жана билим берүү кызматкерлери!** Сиздерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт, бакубат жашоо, кажыбас кайрат жана жоопкерчиликтүү эмгегиңиздерге зор ийгиликтерди каалайбыз. Ар бир берген сабагыңыздар, айткан насаатыңыздар жана жасаган эмгегиңиздер келечек муундардын ийгилиги менен коштолсун! Ошондой эле бул күнү арабыздан өткөн устаттарыбызды терең урматтоо менен эскерип, алардын жаркын элестерине таазим кылабыз. Жараткан Алла Таала аларды Өз ырайымына алып, жайларын жаннаттан кылсын. **Алла Таала ар бир мугалимдин илимине, өмүрүнө жана эмгегине береке берсин!** **Кесиптик майрамыңыздар кут болсун, урматтуу устаттар!** *Кыргызстан Ислам университетинин жамааты*