Кыргызстан Ислам Университети
October 03, 2026


«ИСЛАМ БЕРМЕТИ – АДЕП» АТТУУ ЖАҢЫ КИТЕП ЖАРЫК КӨРДҮ Кыргызстан Ислам университетинде руханий-адептик тарбияга арналган «Ислам бермети – Адеп» аттуу жаңы китеп жарык көрүп, окурмандарга сунушталды. Адамдын көркү – анын адеби. Жакшы сөз сүйлөө, туура мамиле жасоо, улууну урматтоо, кичүүнү ызааттоо, адамгерчилик жана ыймандуулук сыяктуу асыл сапаттар коомдун руханий өнүгүүсүнүн негизин түзөт. Дал ушул баалуулуктарды камтыган китеп окурмандарды адептүүлүккө, жакшы кулк-мүнөзгө жана исламдын адеп-ахлактык принциптерин күнүмдүк турмушта колдонууга үндөйт. Аталган эмгекти даярдоо иштери бир нече ай мурун Кыргызстан Ислам университетинин ректору, профессор Абдишүкүр Нарматовдун колдоосу менен башталып, ийгиликтүү жыйынтыкталды. Китепти даярдоо иштерине университеттин окуу иштери боюнча проректору Матраимов Абдуваси Нусурович жана Элдияр Көбөнов устаз жетекчилик кылышты. Ошондой эле эмгектин мазмунун текшерүүгө, толуктоого жана сапатын жакшыртууга университеттин тарбия иштери боюнча проректору Ниязов Бакыт устаз, дистанттык окутуу бөлүмүнүн башчысы Шергазиев Жоробай устаз жана окутуучу Байтикова Бурул устаза өз салымдарын кошушту. Китептин даярдалышына Филология кафедрасынын студенттери Айсулуу Курманова жана Альбина Маматказыева да жигердүү катышып, эмгектин жарык көрүшүнө олуттуу салым кошушту. Алардын аракетчилдиги, жоопкерчилиги жана билимге болгон умтулуусу өзгөчө белгилөөгө татыктуу. «Ислам бермети – Адеп» китеби Кыргызстан Ислам университетинин руханий-агартуу багытындагы эмгектеринин бири катары окурмандарга сунушталууда. Университеттин жамааты китептин жарык көрүшүнө салым кошкон жетекчиликке, окутуучуларга жана студенттерге терең ыраазычылык билдирет. Бул эмгек окурмандардын руханий дүйнөсүн байытып, жаш муундарды адептүүлүккө, ыймандуулукка жана адамгерчиликке тарбиялоодо пайдалуу булак болот деген ишенимдебиз. Алла Таала бул эмгекти кабыл кылып, пайдалуу илимдин жана сооптуу амалдардын катарына кошсун!