Кыргызстан Ислам Университети
September 28, 2026


Кыргызстан ислам университетинде мамлекеттүүлүктүн калыптанышындагы көрүнүктүү инсандардын ролуна арналган семинар өткөрүлдү Кыргызстан ислам университетинде азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына жана өнүгүшүнө негиз салган көрүнүктүү инсандардын тарыхый эмгегин жана ролун таанууга багытталган семинар өткөрүлдү. Иш-чаранын негизги максаты — студенттерге кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүү тарыхы, анын өнүгүү этаптары жана мамлекеттин пайдубалын түптөөгө зор салым кошкон тарыхый инсандардын өмүр жолу жана ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берүү. Семинарды тарых илимдеринин доктору, профессор Ормушев А.О. өткөрүп, анда кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптануу тарыхына байланыштуу маанилүү маселелер кеңири талкууланды. Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхый негиздери, өлкөнүн саясий жана коомдук өнүгүүсүнө салым кошкон көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин эмгеги тууралуу маалыматтар берилди. Ошондой эле студенттердин тарыхый эс-тутумун бекемдөө жана улуттук аң-сезимин жогорулатуу максатында Жусуп Абдрахманов, Ишеналы Арабаев, Иманалы Айдарбеков, Абдыкерим Сыдыков сыяктуу кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө салым кошкон инсандардын ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду. Мындан тышкары, студенттерге кыргыз мамлекетинин өнүгүү доорлору, кайра куруу мезгили жана эгемендүүлүк жылдарындагы тарыхый өзгөрүүлөр тууралуу маалыматтар берилип, бул багыттагы даректүү тасмаларды жана тарыхый материалдарды кеңири жайылтуунун мааниси белгиленди. Семинар учурунда студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, тарыхый инсандардын мамлекеттүүлүктү түптөөдөгү орду боюнча пикир алышты. Иш-чаранын соңунда кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхын терең билүү, көрүнүктүү инсандардын эмгегин таануу жана алардын тарыхый мурасын кийинки муундарга жеткирүү жаштардын мекенчилдик сезимин жана жарандык жоопкерчилигин калыптандырууда маанилүү экендиги белгиленди. Кыргызстан ислам университетинде мындай агартуу иш-чараларын өткөрүү студенттердин тарыхый билимин кеңейтүүгө, улуттук аң-сезимин бекемдөөгө жана мекенчил жаштарды тарбиялоого багытталган.