Кыргызстан Ислам Университети
September 18, 2026


Кыргызстан Ислам университетинин студенттери үчүн Кыргыз Республикасынын Дин комиссиясынын адиси Нургазы Кыргызбаев тарабынан «Экстремизм менен күрөшүүдө диний окуу жайлардын орду» аттуу профилактикалык лекция өткөрүлдү. Лекциянын жүрүшүндө экстремизм жана радикализм түшүнүктөрү, алардын жаштарга жана коомго тийгизген коркунучтары, радикалдык идеологиялардын алдын алуу жолдору, ошондой эле диний окуу жайлардын бул багыттагы орду жана жоопкерчилиги кеңири талкууланды. Студенттерге диний маалыматтарды туура кабыл алуу, ишенимдүү булактарды пайдалануу, интернет мейкиндигинде жана социалдык тармактарда жайылтылган экстремисттик жана радикалдык мазмундагы кооптуу маалыматтарды айырмалай билүү боюнча түшүндүрмөлөр берилди. Иш-чара суроо-жооп жана ачык талкуу форматында өтүп, студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, адистен тиешелүү жоопторду алышты. Ошондой эле улуттук биримдикти, коомдук ынтымакты, толеранттуулукту, өз ара урматтоону жана руханий-адептик баалуулуктарды сактоонун маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду. Иш-чаранын алкагында студенттерге экстремизмдин жана радикализмдин алдын алуу боюнча маалыматтык-агартуучу китептер таратылып, аларды профилактикалык жана билим берүү иштеринде пайдалануунун мааниси түшүндүрүлдү. Натыйжада студенттердин экстремизм жана радикализмдин коркунучтары, аларды алдын алуу жолдору боюнча маалымдуулугун жогорулатууга, диний жана маалыматтык сабаттуулугун кеңейтүүгө, ошондой эле коомдук ынтымак жана улуттук биримдик баалуулуктарын бекемдөөгө өбөлгө түзүлдү.