Кыргызстан Ислам Университети
September 16, 2026


«КОШ КЕЛДИҢ, АБИТУРИЕНТ!» АЗЕМИ ӨТТҮ Бүгүн, 16-сентябрда Кыргызстан Ислам университетинде жаңы окуу жылына карата «Кош келдиң, абитуриент!» аттуу салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Аземдин жүрүшүндө Куран аяттары окулуп, жаңы окуу жылына жана студенттердин келечегине береке тиленип, дуба кылынды. Иш-чарада КИУнун ректору, устаз Абдишүкүр Нарматов жаңы кабыл алынган абитуриенттерге акыл-насааттарын айтып, студенттик жашоодо билим алуунун, адеп-ахлактын жана илимге болгон жоопкерчиликтин маанилүүлүгүнө токтолду. 📚 Ошондой эле ректор устаз өз калемине таандык «Бейиш жолу», «Насаат», «Адам адеби», «Лаббайк» аттуу китептерин жаңы келген студент балдар-кыздарга белек кылды. 🎓 Мындан сырткары, 2026-жылы окуусун ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөргө дипломдор салтанаттуу түрдө тапшырылды. Жаңы студенттерге окууда ийгилик, пайдалуу илим жана жаркын келечек, ал эми бүтүрүүчүлөргө алган билимин эл-журттун жана диндин өнүгүүсүнө жумшоону насип кылсын! Кыргызстан Ислам университети — илим, адеп жана тарбия жолунда! 🤲📖