Кыргызстан Ислам Университети
August 31, 2026

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК КҮНҮ МЕНЕН! Урматтуу кыргыз эли! Кыргызстан Ислам университетинин жалпы жамааты сиздерди Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдык мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктайт! Эгемендүүлүк — элибиздин эркиндигин, биримдигин жана келечекке болгон ишенимин айгинелеген улуу баалуулук. Тарыхыбызды урматтап, мекенибиздин өнүгүүсүнө салым кошуу — ар бирибиздин ыйык милдетибиз. Жараткан Аллах Таала өлкөбүзгө тынчтык, ынтымак, береке жана туруктуулук берсин. Кыргыз элибиздин биримдигин бекемдеп, мамлекетибиздин келечегин кең, элибиздин жашоосун бакубат кылсын! Мекенибиз Кыргызстаныбыз ар дайым эркин, өнүккөн жана тынч өлкө болуп, көк асманыбызда эгемендүүлүктүн желеги түбөлүк желбирей берсин! Эркиндик – ыйык мурас, Бирдик – башатыбыздын тамыры! 🇰🇬 Эгемендүүлүк күнүңүздөр кут болсун, урматтуу мекендештер! Кыргызстан Ислам университети