Кыргызстан Ислам Университети
September 01, 2026

Урматтуу агай-эжейлер, ардактуу ата-энелер, кымбаттуу студенттер ! Сиздерди Кыргызстан Ислам университетинин жалпы жамаатынын атынан жаңы окуу жылынын башталышы — Билим күнү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Билим — адамды бийиктикке жеткирген, коомду өнүктүргөн жана келечекке жол ачкан улуу байлык. Ислам дини да илим-билим алууга өзгөчө маани берет. Пайгамбарыбыз ﷺ: «Илим алуу — ар бир мусулманга парз» деп айткан. Жаңы окуу жылы ар бириңиздерге ийгилик, жаңы жетишкендиктер, терең билим жана пайдалуу илим алып келсин! Агай-эжейлерибиздин эмгеги жемиштүү болуп, студенттерибиздин билимге болгон умтулуусу арта берсин. 🤲 Аллах Таала алган билимибизди пайдалуу кылып, илимибизге береке берип, элибизге жана динибизге кызмат кылган билимдүү, адептүү жана мекенчил муундан кылсын! Билим күнүңүздөр кут болсун! Жаңы окуу жылыңыздар ийгиликтүү болсун! 🇰🇬📖 — Кыргызстан Ислам университети