Кыргызстан Ислам Университети
December 03, 2023

3-декабрь, жекшемби күнү ал-Азхару Шарифтин шайхы, дин аалымы, профессор, доктор Ахмад Тоййиб Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Абдыкаров Тойгонбай Жоробаевичти, Кыргызстан мусулмандарынын азирети муфтийи Замир кары Ракиевди жана Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдишүкүр ажы Нарматовду кабыл алып, эки тараптуу кызматташуу жолдорун талкуулашты. Жолугушууга ал-Азхар тараптан Вакилул-Азхар (биринчи проректор), доктор Мухаммад Абдурахман ад-Давииний жана Чет элдик студенттер факультетинин деканы, илимий иштер боюнча иш-кагаздарынын жетекчиси доктор Абдулмунъим катышты. «Кыргызстандык студенттер үчүн ал-Азхар университетинин эшиги дайыма ачык. Бүгүнкү күнгө чейин ал-Азхар университети жана анын карамагындагы институттар кыргызстандык студенттерге таалим-тарбия берүүдө. Ошондой эле Эл аралык ал-Азхар Академиясы да имамдардын, мударристердин деңгээлин жогорулатуу максатында алгылыктуу кызмат кылууда. Ал-Азхардын орток пикирин, таалимин алган бүтүрүүчүсү кайсы жерде болбосун ал-Азхардын жүзү жана өз өлкөсүнүн сыймыгы. Албетте, Кыргызстан менен биргеликте илимий, агартуу иштеринде кызматташууга даярбыз» – деди жолугушуунун алкагында Шайхул-Азхар. Жогоруда аталган делегация да жылуу маанайда кабыл алгандыгы үчүн Шайхул-Азхарга ыраазычылык билдиришти.