Кыргызстан Ислам Университетинин логотиби

Кыргызстан Ислам Университети

Теология кафедрасы

2017-жылдын 12-апрелинде Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан диний жогорку билим берүүгө укук берген №0382-РУЗ күбөлүгү алынган. Ошондой эле, 2017-жылдын 7-июлунда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин №936/1 буйругунун негизинде билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн № LD170001294 лицензиясы (шифр: 531600 – Теология) берилген. Аталган лицензиянын негизинде 531600 – Теология билим берүү программасын ишке ашыруу максатында «Теология жана табияттык-гуманитардык сабактар» кафедрасы түзүлүп, Мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык 531600 – Теология адистиги боюнча студенттерди окутуу иши башталган. Натыйжада, университеттин тарыхында алгачкы жолу мамлекеттик лицензиянын негизинде билим берүү процессин уюштуруу мүмкүнчүлүгү түзүлүп, 2017–2018-окуу жылында 1-курска 50 студент кабыл алынган. 2018-жылы «Теология жана табияттык-гуманитардык сабактар» кафедрасы кайра түзүлүп, «Теология» кафедрасы деп атала баштаган. Учурда 531600 – Теология билим берүү программасы боюнча жалпы 267 студент билим алууда.

«Теология» кафедрасынын миссиясы – диний билимди мамлекеттик билим берүү стандарттарынын негизинде берүү, коомдо диний сабаттуулукту жогорулатуу, толеранттуулукту жана конфессиялар аралык ынтымакты бекемдөө, ошондой эле руханий-адептик баалуулуктарды сактаган, заманбап билимге ээ, жоопкерчиликтүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү теолог адистерин даярдоо болуп саналат.

Кафедранын негизги максаттары төмөнкүлөр болуп саналат:

  • 531600 – Теология билим берүү программасынын алкагында жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо;
  • диний, философиялык жана гуманитардык илимдерди айкалыштырып окутуу аркылуу студенттердин илимий-теориялык жана практикалык билим деңгээлин жогорулатуу;
  • студенттердин диний тексттерди илимий негизде талдоо, сынчыл ой жүгүртүү жана изилдөө жүргүзүү жөндөмдөрүн калыптандыруу;
  • коомдогу диний маселелерди туура түшүнгөн, радикализмге жана экстремизмге каршы турууга жөндөмдүү адистерди тарбиялоо;
  • руханий-адептик, улуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды сактаган жарандарды даярдоо;
  • илимий-изилдөө иштерин өнүктүрүү жана билим берүүнүн сапатын үзгүлтүксүз жогорулатуу.

«Теология» кафедрасынын негизги ишмердүүлүгү төмөнкү багыттарды камтыйт:

  • 531600 – Теология билим берүү программасы боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык окуу процессин уюштуруу жана жүргүзүү;
  • теология, дин таануу, философия жана гуманитардык илимдер боюнча лекциялык, семинардык жана практикалык сабактарды өткөрүү;
  • окуу пландарын, окуу-усулдук комплекстерди, силлабустарды жана билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана жаңылоо;
  • студенттердин илимий-изилдөө иштерин уюштуруу, курстук жана бүтүрүү квалификациялык иштерине жетекчилик кылуу;
  • профессордук-окутуучулук курамдын илимий-изилдөө ишмердүүлүгүн өнүктүрүү, илимий макалаларды, окуу жана окуу-усулдук колдонмолорду даярдоо жана жарыялоо;
  • илимий-практикалык конференцияларды, семинарларды, тегерек столдорду жана агартуу иш-чараларын уюштуруу;
  • диний сабаттуулукту жогорулатуу, конфессиялар аралык ынтымакты бекемдөө жана диний экстремизмдин алдын алуу багытында агартуу иштерин жүргүзүү;
  • мамлекеттик органдар, диний уюмдар, илимий жана билим берүү мекемелери менен кызматташтыкты өнүктүрүү;
  • студенттердин тарбиялык иштерин жүргүзүү, руханий-адептик баалуулуктарды калыптандыруу;
  • бүтүрүүчүлөрдүн эмгек рыногуна ийгиликтүү адаптацияланышына көмөктөшүү жана практикалык даярдыгын камсыз кылуу.

Учурда кафедраны 2021-жылдан бери теология багыты боюнча PhD доктору Ташматов Султанбек Джолматович жетектеп келет.

531600 – Теология билим берүү программасын ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчү теолог (бакалавр) квалификациясына ээ болот.

«Теология» адистигинин бүтүрүүчүлөрү төмөнкү мекемелерде жана уюмдарда эмгектене алышат:

  • диний билим берүү мекемелеринде (медресе, мектеп, диний колледж жана жогорку окуу жайлар) окутуучу же адис катары;
  • Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жана анын аймактык бөлүмдөрүндө;
  • муфтият, казыяттарда, диний уюмдарда жана конфессиялык мекемелерде адис, консультант катары;
  • мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында диний маселелер боюнча адис катары;
  • коомдук жана бейөкмөт уюмдарда (диний сабаттуулукту жогорулатуу, экстремизмдин алдын алуу багытында);
  • илимий-изилдөө мекемелеринде жана аналитикалык борборлордо;
  • массалык маалымат каражаттарында диний маселелер боюнча эксперт же аналитик катары;
  • тарбиялык, агартуу жана социалдык багыттагы мекемелерде.

Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердүүлүгүнүн объекттери болуп төмөнкүлөр саналат:

  • диний окуулар, диний тексттер жана алардын тарыхый-теориялык талдоосу;
  • дин менен коомдун өз ара байланышы;
  • конфессиялар аралык мамилелер;
  • диний коопсуздук жана коомдогу туруктуулук маселелери.

Кафедранын окутуучулары

Лутфилла уулу Салих

Лутфилла уулу Салих

Теология кафедрасынын башчысы