Кыргызстан Ислам Университетинин логотиби

Кыргызстан Ислам Университети

Шариат кафедрасы

  • Шарият кафедрасы – Кыргызстан Ислам университетинин түзүмдүк бөлүмү катары диний билим берүү багыты боюнча жогорку диний билим берүүнү ишке ашырат.
  • Кафедра Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына (КМДБ) карайт.
  • Тийиштүү мекемелер тарабынан коюлган стандарттарга жана талаптарга ылайык иштейт.
  • КМДБнын үлгүсүндөгү диплом берет.
  • Жетекчилик: Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (Муфтият).
  • Окутуучулар курамы: Өлкөнүн алдыңкы дин ишмерлери, көрүнүктүү аалымдар сабак берет.
  • Окуу төлөмү: Башка диний окуу жайларга салыштырмалуу төмөн.
  • Уникалдуулук: Дин адистиги боюнча билим берген өлкөдөгү жалгыз университет.
  • Жайгашуусу: Борбор шаардын ортосунда.
  • Ишмердүүлүк алкагы: Окуу жараяны Матуридий акыйдасы жана Ханафий мазхабынын алкагында жүргүзүлөт.

Шарият негиздерин, диний билим берүүнү Матуридий ишеними менен Ханафий мазхабынын алкагында илимий негизде окутуп, терең билимдүү, адептүү, коомго жоопкер адистерди даярдайт. Конфессиялар аралык ынтымакты бекемдеп, радикализмдин алдын алат.

  • Фикх, усулул-фикх, шарият мыйзамдарын комплекстүү изилдөө аркылуу квалификациялуу адистерди тарбиялоо;
  • Шариятты заманбап укук, гуманитардык дисциплиналар менен айкалыштыруу;
  • Диний булактарды талдоо жөндөмдөрүн калыптандыруу;
  • Илимий изилдөөлөрдү активдештирүү, билим сапатын жогорулатуу.
  • Руханий-адептикке, кесиптик этикага тарбиялоо;
  • Тийиштүү мекеме-уюмдар менен кызматташтыкты чыңдоо.

Шарият адистиги боюнча бакалаврдык даража ыйгарылат. Компетенциялар: Булактарды талдоо, шарияттык баа берүү, аналитика.

  • Диний окуу жайлар / Окутуучу, адис
  • КМДБ жана бардык түзүмү / Дин кызматкери
  • Мамлекеттик органдар / Диний-укуктук эксперт
  • Коомдук уюмдар / Агартуучу, экстремизмге каршы күрөшүү
  • Илимий борборлор, ММК / Изилдөөчү, аналитик
  • Консультация / Фатва иштери, үй-бүлө жана башка маселелерде диний кеңешчи
  • «НУР-МУБАРАК» УНИВЕРСИТЕТИ
  • РОССИЯ ИСЛАМ ИНСТИТУТУ
  • РБМДБ РОССИЯ ИСЛАМ УНИВЕРСИТЕТИ
  • БОЛГАР ИСЛАМ АКАДЕМИЯСЫ
  • КУВЕЙТ УНИВЕРСИТЕТИ
  • АРАШАН ГУМАНИТАРДЫК ИНСТИТУТУ
  • К. КАРАСАЕВ атындагы БИШКЕК МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ
  • И. АРАБАЕВ атындагы КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ
  • ИСЛАМ АКАДЕМИЯСЫ
  • КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ

Кафедранын окутуучулары

Ташматов Султан

Ташматов Султан

Шарият кафедрасынын башчысы